Башкы бетке Рубрикасы жок Аймактарга барып иштеген жаш дарыгерлерге 20 миң кошумча айлык төлөнөт

Аймактарга барып иштеген жаш дарыгерлерге 20 миң кошумча айлык төлөнөт

0
1626

Аймактарга барып иштей турган жаш дарыгерлерге 20 миң кошумча айлык төлөнөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда «Жаңы кадам» социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешме учурунда билдирди.

Садыр Жапаров бул Бишкек менен Оштон башка аймактарга тиешелүү экенин белгиледи.

Президент 1-июлдан тарта алыскы аймактардагы саламаттык сактоо мекемелеринде иштеген дарыгерлер үчүн кошумча дем берүү программанын алкагында дарыгерлердин санын 200дөн 500гө чейин көбөйтүүнү тапшырарын билдирген.

«Дарыгердин депозитинин кварталдык суммасы 38 миң сомдон 66 миң сомго чейин жогорулатылат. Практикадан өтүп жаткан клиникалык ординаторлорду жана интернатурадагы дарыгерлерди тартуу, аларга стимул берүү үчүн 20 миң сомдон атайын төлөмдөр киргизилмекчи», — деген Жапаров.

Мурунку макалаЧет элдиктерге кол салды дегендер чекесинен кармалууда
Кийинки макалаСадыр Жапаров октябрдан баштап пенсия 6 800 сомдон кем болбой турганын айтты

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз