Башкы бетке Коом ИИМ ала качуу кылмыш экендигин эскертет

ИИМ ала качуу кылмыш экендигин эскертет

0
1649

Ички иштер министрлиги ала качуу кылмыш экендигин эскертип, атайын ролик даярдаган. Анда жашы жете элек өспүрүмдөрдү мажбурлоо менен никеге тургузуу бул адам укуктарынын фундаменталдуу түрдө бузулушу жана ага дуушар болгон жеке адамдар гана эле эмес, жалпы коомдун саламаттыгына терс таасирин тийгизери айтылган.

Адамды никеге турууга мажбурлоо, ошого тете мажбурлап түзүлгөн никени улантууга мажбурлоо КР Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренесине ылайык үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

ИИМ кыз ала качуу же мажбурлоо менен никеге тургузуу Кыргызстандын маданиятына жана каада-салттарына эч кандай тийешеси жок жана калктын аярлуу тобунун укугун бузуларын дагы бир ирет эскертет.

Мурунку макалаАзербайжандын ТИМ башчысы Кыргызстанга расмий сапар менен келди
Кийинки макалаБишкектин көчөлөрүндөгү чуңкурлар оңдолууда

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз