Башкы бетке Рубрикасы жок Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

0
1128

Президент Садыр Жапаров Түркияда өткөн муниципалдык шайлоонун жыйынтыгы боюнча Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганды Түркияда муниципалдык шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Кыргызстандын президенти белгилегендей, “Түркиянын эли өлкөнүн мындан аркы гүлдөп-өсүү жолунда мамлекеттик багытты колдоорун дагы бир ирет көрсөттү”.

Садыр Жапаров эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу багыттары боюнча диалогду улантууга даяр экенин баса белгилеп, кыргыз тарап Түрк лидерин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келишин күтүп жатканын айтты.

Мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоганга жогорку мамлекеттик кызматтагы ишине ийгиликтерди, ал эми түрк элине ачык асман жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Мурунку макала«Борбор Азия — Кытай» катчылыгы түзүлдү
Кийинки макалаПрезидент саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундары жөнүндө жарлыкка кол койду

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз