Башкы бетке Дүйнө Америкалык журнал Караколду саякат борбору деп атады

Америкалык журнал Караколду саякат борбору деп атады

0
29

Америкалык Condé Nast Traveler журналы Каракол  шаары Борбор Азиянын  кызыктарга бай очогу деп атады.  

Аталган журнал “2025-жылы бара турган эң мыкты 25 жер” деген макаласында Караколду сөзсүз  түрдө барып көрүүчү жерлердин тизмесине киргизди. Өз макаласында Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан бул шаар саякатчыларга асман тиреген тоо кыркаларынын этегинде ат минүү, кайык менен сүзүү жана параплан менен учуу өңдүү ар кандай кызыктарга бай экенин жазган. Ал эми кышында Каракол лыжа базасы 1,8 миля бийиктикте жайгашкан Борбор Азиядагы эң бийик тоо курорту экенин,  «Үч чоку» лыжа базасынын ачылышы кышкы спортту сүйүүчүлөрдү аймакка ого бетер кызыктыра турганын баса белгилеген.

Эл аралык аэропорттун ачылышы менен Каракол шаары туристтер үчүн ого бетер ыңгайлуу болуп калгандыгы да айтылган.

Condé Nast Traveller дүйнөдөгү эң атактуу жана абройлуу туристтик басылмалардын бири. Журналда жазылган сунуштар саякат багыттарын тандоого жана туристтик маршруттарды түзүүгө чоң таасирин тийгизет.

Мурунку макалаМэрия жүргүнчүлөрдү автобекеттен гана кетүүгө чакырды
Кийинки макалаБалбан Атабек Азисбеков карьерасын жыйынтыктады

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз