Башкы бетке Рубрикасы жок Кыргызстанда 2173 мамлекеттик, 204 жеке менчик мектеп бар

Кыргызстанда 2173 мамлекеттик, 204 жеке менчик мектеп бар

0
103

Республика боюнча 2377 мектеп болсо, анын ичинен 2173 мектеп мамлекеттик, 204 жеке менчик мектеп. Бул тууралуу «Алтын казык» билим берүүнү трансформациялоо программасын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат жыйынында белгилүү болду.

Маалыматта айтылгандай, өлкө боюнча быйыл 2377 мектепте 1 млн. 491 миң окуучу билим алууда. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 43 миң балага көп.

«Республикалык бюджеттен каржыланган объекттердин тизмесине 513 билим берүү объекти киргизилди. Аларды каржылоонун көлөмү 7,5 млрд. сомду түздү. 2023-2024-окуу жылында мектептердин окуу чыгымдарына 974 млн. сом жумшалды. Анын ичинен 338 млн. сом мектептердин окуу чыгымдарына, 134,4 млн. сом окуу эмеректерине, 501,5 млн. сом мектептердин учурдагы оңдоо иштерине сарпталды», — деди билим берүү жана илим министри.

Ошондой эле Кендирбаева белгилегендей, 2140 мектепте окуучуларга ысык тамак уюштурулуп, өлкөдөгү мектептердин 98 пайызы камтылды.

Мурунку макалаТьери Мариани: «Европарламенттин резолюциясы өлкө эгемендигинин негизги принцибине шек келтирип жатат»
Кийинки макалаСадыр Жапаров улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз