Башкы бетке Рубрикасы жок Нурланбек Шакиевдин Москва шаарындагы иш сапары башталды

Нурланбек Шакиевдин Москва шаарындагы иш сапары башталды

0
136

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Россия Федерациясындагы иш сапары башталды. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, алгач төрага Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери менен бирге Москва шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун борбордук музейине барып, Даңк залындагы жоокердин эстелигине гүлчамбар койду.

Муну менен катар Улуу Ата Мекендик согушту чагылдырган, андагы аталардын эрдигин даңазалаган көргөзмө менен таанышты. Алсак, көргөзмөдө кыргыз жоокерлеринин Улуу Ата Мекендик согуш маалындагы эрдиктери, тылдагы каарман элдин Улуу Жеңишке кошкон салымы тууралуу да маалыматтар камтылган.

Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Шакиев Москва шаарына Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйындарына катышуу үчүн барган.

Мурунку макалаПрезидент радио жана телевидение кызматкерлерин куттуктады
Кийинки макалаПрезидент Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз