Башкы бетке Рубрикасы жок Таласта ооруканага караштуу жер жеке жактарга мыйзамсыз берилип кеткен

Таласта ооруканага караштуу жер жеке жактарга мыйзамсыз берилип кеткен

0
222

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы Талас облусуна караштуу Айтматов райондук Жалпы дарыгерлер практикалык борборун текшерүүдө мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Тактап айтканда, аталган борбордун 0,62 га жер тилкеси 2008-жылы Б.Д. атуу жаранга жеке турак жай куруу үчүн берилип кеткен. Бирок, мамлекеттик актысында 0,62 га жер аянты кошулуп, толугу менен көрсөтүлгөн.

Жыйынтыгында аталган факты боюнча акт түзүлүп, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин №434 беренесинин негизинде айып пул салынды. Ошондой эле материалдар Айтматов райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Мурунку макалаДайырбек Орунбеков КМШ өлкөлөрүнүн “Древо дружбы” алтын медалына татыды
Кийинки макалаПрезидент кыргызстандыктарды “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз