Башкы бетке Рубрикасы жок Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Сеулга жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Сеулга жөнөп кетти

0
184

Бүгүн президент Садыр Жапаров Корея Республикасынын президенти Юн Сок Ёлдун чакыруусу менен Сеул шаарына расмий сапар менен жөнөп кетти.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Кореянын президенти Юн Сок Ёль жана Улуттук ассамблеясынын спикери У Вон Шик менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

Тараптар кыргыз-корей эки тараптуу кызматташуусунун бүтүндөй комплексин жана аларды өнүктүрүү келечегин талкуулашат, ошондой эле регионалдык жана эл аралык мүнөздөгү маселелер боюнча пикир алмашат.

Сапардын жүрүшүндө Ассамблеянын президенти жана Глобалдык өсүү институтунун төрагасы, БУУнун мурдагы баш катчысы Пан Ги Мун менен жолугушуусу болот.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы кореялык бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөт.

Мурунку макалаАдылбек Касымалиев Якутиянын башчысы Айсен Николаев менен жолукту
Кийинки макалаЖээнбек Кулубаев Кытайда өткөн ТИМ башчылардын жолугушуусуна катышты

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз