Башкы бетке Рубрикасы жок Отуз-Адыр айыл аймагында жер семирткич заводу курулууда

Отуз-Адыр айыл аймагында жер семирткич заводу курулууда

0
360

Ош облусунун Отуз-Адыр айыл аймагында жер семирткич заводу курулууда.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагында “Синержи Био Органик” компаниясы жер семирткич заводун жана күнөсканаларды куруп жатат.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында компаниянын келишимдик милдеттенмелерин аткаруу абалын талкуулаган жыйын өткөрдү.

2022-жылы Кара-Суу районунун акимчилиги компанияга 15,92 га жерди 49 жылдык мөөнөткө ижарага берген. Баштапкы планга ылайык, компания 546 миң доллар инвестиция тартып, завод ишин 2023-жылдын март айынан тарта баштоосу керек болчу. Ошондой эле 2024-2025-жылдары күнөсканаларды куруу жана жабдууларды сатып алуу үчүн кошумча 11 млн 378 миң доллар инвестиция тартуу пландалган.

Учурда бөлүнгөн жер аянтында кеңсе, курулуш материалдары сакталган кампалар жана заводдун каркасы тургузулган.

Мурунку макалаМедербек Сатыев Сот адилеттигинин жогорку мектебинин ишмердүүлүгү менен таанышты
Кийинки макалаБишкекте таяк тартыш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз