Башкы бетке Рубрикасы жок Акылбек Жапаров Ханнс Зайдель фондунун өкүлдөрү менен жолугушту

Акылбек Жапаров Ханнс Зайдель фондунун өкүлдөрү менен жолугушту

0
479

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ханнс Зайдель фондунун эл аралык кызматташтык институтунун директору доктор Сюзанна Лютер жана фонддун Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы доктор Макс Георг Майер менен жолугушту.

Акылбек Жапаров Ханнс Зайдель фондунун Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчисине Кыргызстандын мамлекеттик кызматына жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирип, өткөн жылдарда 2,5 миңден ашууну КР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен фонддун биргелешкен магистратурасын аяктаганын кошумчалады.

Анын айтымында, магистратуранын 70тен ашуун бүтүрүүчүлөрү президенттин администрациясында жана Жогорку Кеңештин аппаратында жооптуу кызматтарда иштеп жатышат. Республиканын аймактарында ондон ашык адам жетекчилик кызматтарды ээлейт.

Ошондой эле фонд тарабынан муниципалдык жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун учурдагы абалы, Кыргызстандагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардагы кадр саясаты, туруктуу өнүгүүнү башкаруу маселелери, мамлекеттик жана муниципалдык финансы маселелери боюнча 174 басылма каржыланып, иштелип чыккан жана басылып чыгарылганы айтылды.

Өз кезегинде Ханнс Зайдель фондунун өкүлдөрү Кыргызстан менен кызматташуу мезгилинде жакшы натыйжаларга жетишкендигин белгилешип, өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө умтула тургандыгын ырасташты.

Тараптар кызматташуунун мындан аркы пландарын талкуулашты.

Мурунку макалаМурдагы депутат Эмил Жамгырчиев УКМКга суракка чакырылды
Кийинки макалаУКМК кызматкерлери президентке карата эки кол салууну алдын алды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз