Башкы бетке Рубрикасы жок Садыр Жапаров Беларустун элчисин кабыл алды

Садыр Жапаров Беларустун элчисин кабыл алды

0
788

Президент Садыр Жапаров бүгүн Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Андрей Страчкону анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы элчиге аткарган иши жана Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров өзгөрүүлөр багытын улантуунун алкагында өнөр жай секторун өнүктүрүү мамлекеттин саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенине өзгөчө басым жасады. Бул жагынан алып караганда биргелешкен өнөр жай долбоорлорун ишке ашырууда зор потенциал көрүнүп турат, алар боюнча Беларустун бай тажрыйбасы бар. Ал эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн ишке ашырылбаган потенциалын толугу менен пайдалануу зарылдыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде Элчи Андрей Страчко президент Садыр Жапаровго жолугушуу мүмкүнчүлүгү жана кыргыз тарапка өз милдеттерин аткарууда колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Элчи 2017-жылдан тартып Кыргызстанда болгон мезгилде өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү дээрлик 2,5 эсеге өскөнүн канааттануу менен белгилеп, кыргыз экспортунун өсүү темпи жогору экенин айтты.

Аягында президент Садыр Жапаров Андрей Страчкого алдыдагы жаңы мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалады.

Мурунку макала30 жыл менен 3 жылдын опол тоодой айырмасы
Кийинки макалаАбдулметин КЕСКИН: «Ван аймагында кыргыз маданий борборлору курулса»

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз