Башкы бетке Рубрикасы жок Садыр Жапаров БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча конференциясына катышууда

Садыр Жапаров БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча конференциясына катышууда

0
448

Бүгүн президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын (БУУ КӨАК) тараптарынын 29-конференциясына катышуу үчүн Баку шаарындагы (Азербайжан Республикасы) Олимпиада стадионуна келди.

Иш-чаранын катышуучулары парник газдарынын чыгарылышын азайтуу боюнча чараларды, климатты каржылоо маселелерин, энергетикадагы технологиялык инновацияларды, жаш муундарга билим берүүнү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө багытталган жаштардын демилгелерин колдоону талкуулашат.

Конференцияга 50 миңден ашык адам, анын ичинде 100дөн ашык мамлекеттин лидерлери катышат.

Иш-чарага келген делегация башчыларын Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш тосуп алышты.

Саламдашуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин, делегация башчылары климаттык иш-аракеттер боюнча дүйнөлүк лидерлердин Саммитинин ачылыш салтанатына катышуу үчүн жыйындар залына өтүштү.

Андан соң президент Садыр Жапаров БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясынын жогорку деңгээлдеги сегментинде улуттук билдирүү менен чыгып сүйлөйт.

Мурунку макала«Алтынкен» компаниясы милиция кызматкерлерин 100 жылдыгы менен куттуктады
Кийинки макалаКыргызстан менен Швейцариянын консулдук багыттагы кызматташтыгы талкууланды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз