Башкы бетке Рубрикасы жок Венгриянын премьер-министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Венгриянын премьер-министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

0
423

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан 5-ноябрда Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Алдыдагы сапардын алкагында Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөрдү өткөрүү пландаштырылган, анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири маселелерин талкуулашат.

Сапардын жыйынтыгы боюнча кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюу пландаштырылууда.

Ошондой эле, «6-ноябрда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Түрк мамлекеттер уюмунун Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат”, — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Мурунку макалаСадыр Жапаров Кыргыз милициясынын 100 жылдыгы менен куттуктады
Кийинки макалаДыйкан-фермерлерге 4,1 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз