Башкы бетке Экономика Кыргызстан Өзбекстанга айына 80 тонна картошка экспорттойт

Кыргызстан Өзбекстанга айына 80 тонна картошка экспорттойт

0
838

Кыргызстандын соода өкүлчүлүгү Өзбекстандын “Olma” супермаркеттер тармагы менен айына 80 тонна картошка экспорттоо боюнча келишим түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандагы эң ири супермаркеттер тармактарынын бири – “Олмага” кыргыз картошкасын экспорттоону “Кыргыз Агрохолдинг” ачык акционердик коому жүзөгө ашырат.

Белгилей кетсек, “Олма” супермаркеттер тармагы менен түзүлгөн келишим Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода мамилелерин өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам, ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт..

Өзбекстандагы эң ири супермаркеттердин тармагы менен кызматташуу айыл чарба продукциясынын экспортун көбөйтүүгө гана өбөлгө болбостон, Кыргызстан картошкасынын брендин региондогу сапаттуу экологиялык таза жана популярдуу товар катары таанытууга жардам болот.

Мурунку макалаКытайлык туристтик топтор Кыргызстанда 21 күнгө чейин визасыз жүрө алышат
Кийинки макалаСадыр Жапаров Кыргыз милициясынын 100 жылдыгы менен куттуктады

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз