Башкы бетке Министрлер кабинети Бишкекте 2 жашар бөбөктү унаа сүзүп кеткен

Бишкекте 2 жашар бөбөктү унаа сүзүп кеткен

0
666

Бишкекте 2 жашар бөбөктү унаа сүзүп кеткен. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 27-октябрда 7-Апрель жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан дүкөндүн унаа токтотуучу жайында орун алган.

Аныкталгандай, 27-октябрда саат 21:30 чамасында “Хонда Фит” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, 2000-жылы туулган Н.Р. жөө жүргүнчүлөрдү өткөрүп жатып, жолдо бара жаткан 2 жашар М.А. аттуу кызды байкабай калып, сүзүп кеткен.

Учурда унаа убактылуу кармоочу жайга токтотулду. Унаанын айдоочусу наркологиялык текшерүүдөн өткөрүлүп, бөбөккө соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Бөбөккө баш мээсинин жабык жаракаты, баш мээнин чайкалышы жана бетинин сол жагы сүрүлгөн деген диагноз коюлган.

Бул факты боюнча иликтөө иштери уланууда.

Мурунку макалаБишкекте эл аралык “KyrgyzTransLogistic-2024” көргөзмөсү өтүүдө
Кийинки макалаКара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата сүрөтчүлөр арасында сынак өтөт

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз