Башкы бетке Маданият “Евразия-Кинофестте” Бермет Бейшенбекова “Мыкты жаш режиссер” аталды

“Евразия-Кинофестте” Бермет Бейшенбекова “Мыкты жаш режиссер” аталды

0
504

Кыргызстандык режиссер Бермет Бейшенбекова 17-21-октябрда Москвада өткөн “Евразия-Кинофест” биринчи эл аралык кинофестивалында “Терең” тасмасы үчүн “Мыкты жаш режиссер” сыйлыгын алды. Бул тууралуу “Евразия-Кинофест” фестивалынын басма сөз кызматы билдирди.

Кинофестивалга Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Индия, Казакстан, Кытай, Молдова, Россия, Тажикстан, Өзбекстан сыяктуу 18 өлкөнүн кинорежиссерлору жана башка өлкөлөрдөн 250дөн ашык кино тармагынын адистери катышкан.

Кыргызстандык режиссерлор Бермет Бейшенбекова “Терең”, Руслан Акун “Бейиш эненин таманында”, Нурлан Анарбаев “Рахмат, машыктыруучу”, Никита Ловецкий “Галина Петровна”, Адилет Каржоев “Бурул”, Асел Жураева “Асман баласы” тасмасы менен катышты.

Фестивалдын сынактык программасына 53 тасма кирген. Аларга Еревандагы эл аралык кыска метраждуу кинофестивалдын режиссеру Гуж Тадевосян, Россиянын эл артисти Елена Цыплакова, Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти Рустам Сагдуллаев жана башка кино тармагындагы белгилүү ишмерлер кирген эл аралык калыстар тобу баа берди.

Жеңүүчүлөргө кинофестивалдын баш байгеси – континенттин өлкөлөрүндө жашаган адамдардын ортосундагы маданий тажрыйба алмашуусун символдоштурган Евразия фигурасы ыйгарылды.

Мурунку макалаАкылбек Жапаров Жогорку соттун жаңы төрагасын эмгек жамаатына тааныштырды
Кийинки макалаӨКМде Бишкек – Ош жолундагы кырсыктардын алдын алуу боюнча жыйын болду

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз