Башкы бетке Рубрикасы жок Акылбек Жапаровдун Россияга болгон расмий сапары аяктады

Акылбек Жапаровдун Россияга болгон расмий сапары аяктады

0
474

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун үстүбүздөгү жылдын 19-21-октябрь күндөрү Россиянын Москва шаарына болгон расмий сапары аяктады.

Расмий сапардын жүрүшүндө Акылбек Жапаровдун жана Россия төрагасы Михаил Мишустиндин жетекчилиги алдында Кыргызстандын министрлер кабинети менен Россия өкмөтүнүн биргелешкен жыйыны болуп, ар кандай тармактарда эки тараптуу кызматташуунун маанилүү маселелери сүйлөшүлүп, бир катар документтерге кол коюлду.

-эки өлкө өкмөтүнүн ортосундагы саламаттык сактоо, медициналык билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

-2002-жылдын 16-апрелиндеги Эл аралык автомобиль ташуулары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;

-Кыргызстандын Соцфонду менен Россиянын Пенсиялык фондунун ортосундагы пенсиялык камсыздоо жаатындагы маалыматтык кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

-эки мамлекеттин Финансы министрлиги менен Улуттук банкы ортосундагы калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча кызматташуу меморандуму;

-Транспорт министрликтеринин ортосундагы кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча кызматташууну өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Мурунку макалаАйсулуу Тыныбекова Кыз-келиндер күрөшү федерациясынын вице-президенти болуп шайланды
Кийинки макалаОш шаарында жаңы көрүстөн үчүн 13 гектар жер бөлүндү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз