Башкы бетке Рубрикасы жок Лейлек районунда 150 орунга ылайыкталган мектеп ачылды

Лейлек районунда 150 орунга ылайыкталган мектеп ачылды

0
539

Бүгүн Баткен облусунун Лейлек районунун Лайли айылындагы 150 орунга ылайыкталган мектеп салтанаттуу түрдө ачылды.

Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мектептин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Долбоор боюнча мектеп 3 блоктон эки кабаттуу окуу корпустан жана спорттук залдан туруп, жалпы аянты 1025 чарчы метрди түзөт.

Класстык кабинеттерден тышкары китепкана, ашкана, откана жана сырткы ажаткана каралган.

Мектептин курулушуна 97,6 млн сом каражат бөлүнгөн.

Мурунку макалаБакыт Төрөбаев «Касиет» фабрикасына барды
Кийинки макалаАкылбек Жапаров иш сапары менен Пакистанга барат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз